"Жалал-Абад шаардык соту тарабынан шаардык мэрия 2 жылдык айлык маянамды төлөп берүү маселеси көтөрүлдү. Жалпы 2 жылдык айлык маянам 388 миң 500 сомду түзгөн. Шаардын өнүгүшүнө кошкон салымым болсун деп анын 250 миң сомун алуудан баш тарттым",- деди Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Абдималик Эламанов 11-июндагы маалымат жыйын учурунда.
Шаардык соттун 2013-жылдын 30-апрелиндеги чечиминин негизинде мэриянын ушул жылдын 10-июнундагы буйругу менен шаардын биринчи вице-мэри болуп дайындалганын айтат Эламанов. "Акыйкаттык издеп 2 жыл соттошуп келдим, акыры шаардык сот бул маселеге чекит койду. Биздин мамлекетте акыйкаттык бар экенине ишенип отурам",- дейт вице-мэр.
Эламанов 2011-жылы вице-мэрлик кызматтан мыйзамсыз алынгандыгын кошумчалады.