Орусияда Кыргыз жараны көп кабаттуу үйдүн чатырынан кулап каза болду

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн биринин чатырындагы карды тазалап жаткан Кыргыз жараны кулап кетип каза болду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 14-февралда саат 12:46 чамасында болгон. Анда Санкт-Петербург шаарынын Дегтярная көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин чатырындагы карды тазалап жаткан Кыргыз жараны кулап кетип окуя болгон жерден каза болгону айтылат.

Ошондой эле аталган маалыматта каза болгон Кыргыз жараны Санкт-Петербург шаарындагы үйлөрдүн чатырларындагы карды тазалаган "Развитие" аттуу ишкананын кызматкери болгону, анын өлүмүнө байланыштуу учурда тергөө иштери жүрүп жатканы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
luuntik
2018-02-15 11:04:16
жаткан жери жайлуу болсун, кор тиргиликтин айынан да ботон жерде канчалаган мекендештерибиздин омуру кыйылып жатат
+8
Leilektik
2018-02-15 13:39:09
luuntik,ажал келсе олобересин кайерде болбосун ага капа болуштун кереги жок,башка бироону куноолоштунда кереги жок
-8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан