Бишкек-Балыкчы-Чолпон-Ата-Каракол жана Бишкек-Ош унаа жолдоруна медициналык посттор уюштурулат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бул посттор акыркы күндөрү унаа жолдорунда болуп жаткан кырсыктарга жана туристтик сезондун башталганына байланыштуу коюлмакчы. 15-июндан 1-сентябрга чейин медицина кызматкерлери “Тез жардам” унаасы, керектүү дары каражаттары менен Боом капчыгайында нөөмөттө турат. Ошондой эле Суусамыр өрөөнүндөгү медициналык пост күчөтүлгөн тартипте иштеп, ал эми Ысык-Көлдө эс алып жүргөндөргө медициналык жардам көрсөтүү үчүн “Тез жардам” кызматы иштемекчи.