Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол тосулуп калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-февралда саат 08:40тар чамасында Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 95-96-чакырымдарында кар көчкү түшкөн. Кийин саат 09:00дөр чамасында 112-чакырымында, саат 10:00дөр чамасында да аталган жолдун 99-100-чакырымдарында кар көчкү түшкөн.
Ошондой эле басма сөз кызматынан 3 кар көчкү түшкөн жердин экөө тазаланып бүтүп, учурда үчүнчүсүн тазалоо иштери жүрүп жатканын билдиришти.