Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Тельман айылындагы Бажы кызматынын терминалындагы унаа токтоочу жайда оор жүк ташуучу унаа товар жүктөлгөн прицеби менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт бүгүн, 15-февраль күнү саат 00:50 чамасында башталган. Өрттү өчүрүүгө ӨКМнын өрт-куткаруу боюнча 5 бөлүм тартылып, өрт саат 2:22де чектөөгө алынган. Ал эми эртең мененки саат 10:40та толук өчүрүлгөн. Күйүп кеткен унаанын прицебинде бут кийим товарлары болгон.
Айта кетсек, акыркы 2 жуманын ичинде өлкө боюнча 137 өрт кырсыгы катталып, андан 5 жаран каза болгон.