Жогорку Кеӊеште 15-февралда "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгеси талаш жаратты. Курманкул Зулушев, Исхак Масалиев өӊдүү депутаттар бул мыйзам долбоору Конституцияга каршы келерин, палатада жакшылап кароо, талкуулоо зарылдыгын айтып чыгышты. Ал эми жооптуу комитеттин төрагасы Исхак Пирматов мыйзам долбоору комитетте каралганын, карама-каршылык жок экенин айтып долбоорду добуш берүүгө жөнөтүүнү суранды.
Аталган мыйзамдын долбоорун өкмөт сунуштоодо. Демилгечилер эл аралык тажрыйбаны эске алып, тийиштүү мыйзамга жаӊы түшүнүктөр киргизилип жатканын айтышкан. Максат - "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” мыйзамын Конституциянын 6-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык келтирүү. Баш мыйзамдын 6-беренесинин 3-бөлүгү: "Кыргыз Республикасынын катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптери менен ченемдери Кыргыз Республикасынын укук системинин ажырагыс бөлүгү болуп саналат".
Курманкул Зулушев бул мыйзам долбоору боюнча атайын баяндама жасады. Депутат Кыргыз Республикасы 2016-жылы Конституцияны өзгөртүү үчүн Референдум өткөрүп эл аралык уюмдардын талаптарын аткарууга милдеттүү эмес деп чечим кабыл алганын, сунушталып жаткан мыйзам менен кайрадан ал норма жокко чыгарылып жатканын эскертти.
"Конституциядан алынган норманы кайрадан мыйзам менен киргизгени жатабыз. 41-беренени өзгөрткөнбүз. Жакында эле бир мыйзамды шашып кабыл алып, кайра Жогорку Кеӊеш кезексиз жыйын өткөрүүгө аргасыз болду. Бул мыйзамга каршы добуш берүүгө чакырам", - деди Зулушев.
Баш мыйзамдын 41-беренеси 2016-жылкы Референдумда кантип өзгөртүлгөн? 41-берененин 2-пункту 2016-жылдын 11-декабрына чейин: "Ар ким бузулган укуктары менен эркиндиктерин коргоо үчүн эл аралык келишимдерге ылайык адам укуктары боюнча эл аралык органдарга кайрылууга укуктуу. Көрсөтүлгөн органдар тарабынан адамдын укуктары менен эркиндиги бузулгандыгы таанылган учурда Кыргыз Республикасы аларды калыбына келтирүү жана (же) зыяндын ордун толтуруу чараларын көрөт".
41-берененин 2-пункту азыркы тапта: "Ар ким бузулган укуктары менен эркиндиктерин коргоо үчүн эл аралык келишимдерге ылайык адам укуктары боюнча эл аралык органдарга кайрылууга укуктуу".
Сунушталган мыйзам долбоору 3-окуудан өтпөй калды. 42 депутат макул болсо, 62 депутат каршы добуш берди.