АКШда "кызын жыгачка байлап, мыкаачылык менен өлтүргөн" деп айыпталган аял өмүр бою эркинен ажыратылды

АКШда "кызын жыгачка байлап, мыкаачылык менен өлтүргөн" деп шектелген аял өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу кечээ, 14-февралда чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазышты.

Маалыматка караганда, Оклахома штатынын 50 жаштагы тургуну Хуанита Гомез 2017-жылдын август айынын аягында 33 жаштагы кызын атайын жыгачтан жасалган крестке колу-бутун керип байлап, кийин оозуна узун темир сайып өлтүргөн.

Окуя болгон жерге полиция кызматкерлери келгенде, оозунан кан агып жаткан жансыз денени табышкан. Ал эми Гомез өзүнүн бул аракетин кызына жин кирип кеткенин жана мындай аракет менен ал аны сактап калгысы келгендиги менен түшүндүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Dina.janym
2018-02-15 14:35:00
Кызына жин кирбей эле, өзүнө жин кирип кеткен го. Кудай өзүң сактай көр...!
+13
nargiz94
2018-02-15 14:41:43
Заман не болуп баратат..? Ата-энелер балдарын олтуруп, же балдары ата-энесин олтуруп. Кыяматтын белгилеринин бири
+5
raykray
2018-02-15 14:42:42
Эмне кк ушундай жанылыктарды чыгарып?! Озубуздода-каргаша толуп жатканда, маанайшат гезити? Кобурок позитив кутобуз силерден
+14
AKCAHAT
2018-02-15 16:08:47
Прям экзорцист болуп алганын
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан