Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте атайын операция жүргүзүп, анын жыйынтыгында эки жаран маңзат менен кармалган.
Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Бишкекте 1970-жылы туулган Т.К. аттуу жарандын башкаруусундагы Лексус GX-470 унаасы токтотулуп, текшерүүгө алынган. Унаанын ичинен скотч менен оролгон жалпы салмагы 8 килограммды түзгөн гашиш табылган.
"Кармалгандардын бири Т.К. отставкадагы милициянын полковниги болгон. Ал эми анын жанындагы К.Ж. Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматында иштеген", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.
Ошондой эле министрликтин маалыматында, соттун чечими менен Т.К. Бишкектеги №1-СИЗОго, милициянын полковниги К.Ж. УКМКнын тергөө абагына киргизилгени айтылат.
"ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматтык иликтөөсүнүн жыйынтыгы менен ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары, милициянын полковниги К.Ж. ички иштер органдарынан айдалса, аталган кызматтын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги К.Н. ички иштер органдарындагы ээлеген кызматынан бошотулду", - деп билдиришти министрликтен.