Орусияда 22 жаштагы Кыргыз жараны кармалды. Анын атасынан 300 миң рубль талап кылышкан

Орусияда 22 жаштагы Кыргыз жараны "каракчылык" жана "кол салуу" беренелери боюнча шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, кармалган жаран Акрамжан уулу Икрамжан Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айылында 1996-жылдын 21-октябрында туулган. "Ал 12-февраль күнү саат 17:20 чамасында "каракчылык" жана "кол салуу" боюнча кармалган. Элчилигибиздин өкүлү аны менен жолукканда шектүү жаран кылмышты моюнга алган", - деп билдирди элчилик.

Учурда бул иш боюнча элчилик кармалган жаранга жактоочуну таап берүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын маалымдады.

Ал эми кармалган жарандын атасы Акрамжан Мамадалиев белгисиз адамдар андан көп суммадагы акча сурап коркутушканын SUPER.KG порталына билдирди. "Уулум Орусияда иштегенине 1 жарым жылдай болду. Шампунь чыгарган заводдо иштечү. 12-февраль күнү мага уулум телефон чалып, полиция кызматкерлери кармап алганын жана көп суммадагы акча сурап жатканын айтып, анан телефону өчүп калган. Арадан 5 мүнөт өткөн соң өзбекче сүйлөгөн белгисиз балдар телефон чалып, "300 миң рубль акчаны 20 мүнөттүн ичинде таап бер" деп мага талап коюшкан. Мага убакыт бергиле десем болушкан жок. Арадан 2 саат өттү. Мен Москва шаарындагы туугандарыма кабар бергем. Жанагы мага чалган адамдар болжол менен саат 20:00 чамасында аларга дагы 300 миң рубль тезинен таап бергиле дешиптир. Бирок эмне себептен экенин айтышкан эмес. Болгону Томилино деген айыл аймагына акчаны алып келгиле деп айтышкан. Бирок алар Люберцыдагы полицияга барып окуя тууралуу айтышып, өздөрү жаздырып алышкан үндү, телефонго келген билдирүүлөрдү далил кылып алып барып беришкен", - деди Мамадалиев.

Акрамжан Мамадалиев аны бул окуяда эмне таң калтырганын айтты. "Туугандарыбыз полицияга арыз жазганы барышканда, полиция кызматкерлери баланын кармалганына бир күн болгонун, ал камакта жатканда телефон менен сүйлөшө албай турганын жана кызматкерлердин акча талап кылуусу мүмкүн эместигин айтышты", - деди кармалган жарандын атасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
bosmos77777
2018-02-15 17:52:27
Кыргыздын жээндери окшойт. Тим койгула.
-15
aziret-92
2018-02-15 18:42:52
bosmos77777,
Жээн пээн дебегилечи озбектерди же эмне эженер озбектерден тороду беле?
+20
mentol
2018-02-15 20:20:01
bosmos77777,Тим койдуруп тобоно чыгарып ал макулбу, жаны паспортто чипте болот деди эле, чипте адреси бар, семейный положениясы бар болду, улут дегендин Усуда жок...
+5
jbolotov
2018-02-15 17:54:45
Полицияга арыз жазгылада биринчиден, Россиядагы Кыргызстандын элчилигинин юристери аракетин корсотсун.
+8
medya123
2018-02-15 18:25:26
Ошол учун азыркы паспортко сөзсүз жазыш керек улутун.
+29
bosmos77777
2018-02-15 18:31:15
medya123,Эн туура!!!
+15
Benazir08
2018-02-15 18:47:54
Томиллино районунда жалан каракчылар коп
+10
Azatbek83
2018-02-15 19:02:41
Benazir08,кой эми мен коп жылдан бери жашайм тын жер ошон учун ошол жакты айткан окшойт тынчырак жер деп.
+6
Aidani
2018-02-15 20:38:09
Ошондо бала озунун атасынан акча талап кылдыбы кандайча ал бала ОЗУ кармалса эмнене аеы кылмышка шектуу деп жазасынар
0
Va.vasm
2018-02-15 21:11:26
Aidani,спецприемникте жатса керек. Ал жерде отурган шылуундар атасынын телефонун сурашкан болуш керек. Анан атасына чалып коркутушкан. Курьер же таксисти заказ кылып акчасын алышмак.
+3
Nanei
2018-02-15 21:38:51
Мен дагы тушунбодум,атасынан акча талап кылвшса,баласвн неге камап коющкан
0
Ma9
2018-02-15 22:26:38
кур дооматан бардык адамдарды Алла озу сактасын алыста жургон мигранттардын баарын дуа кылып туралы аман эсен мекенине кайтып келишти
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан