Бүгүн, 15-февралда Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүп, Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымын жаап калды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Өзгөчө кардаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, кар көчкүдөн жабыркаган эч ким жок.
"Кар көчкү саат 19:30 чамаларында түшкөн. Унаа жолгон түшкөн кардын көлөмү 1 миң 800 метр кубду түзөт. Буга байланыштуу "Сосновка" жана "Арал" постторуна унаалар үчүн чектөө киргизилди. Кар көчкү түшкөн аймакка тийиштүү техникалар жеткирилип, жолду тазалоо иштери жүргүзүлөт", - деп билдиришти мекеменин маалымат кызматынан.
Буга чейин да жол коопсуздугун алдын алуу максатында "Сосновка" жана "Арал" постторунда унаалар үчүн мезгил-мезгили менен убактылуу чектөөлөр киргизилип келген.