Бишкек шаарында "Арсенал" аталышындагы рейд өтүп 300гө жакын курал-жарактар алынды

Бишкек шаарынын аймагында 12-14-февраль күндөрү "Арсенал" аталышында рейд өтүп, анда 300гө жакын курал-жарак табылган. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери тарабынан курал сактоочуларды текшерүү иш-чарасы уюштурулуп, анда курал жаракты алып жүрүүдөгү талаптары, мыйзамдуулугу текшерүүгө алынган. Текшерүү учурунда документтери туура эмес жана дагы башка себептер менен 294 ок атуучу курал, 16 миң 898 даана ок дарылар алынган.

Бул рейдге 680 милиция кызматкери тартылган. Алар курал кармаган 41 объектини, 2 300 аңчыны жана 2 миң курал алып жүрүүгө укугу бар жарандарды текшерген. Мындан тышкары сыйлыкка берилген куралдарга ээлик кылган 338 адам да куралдарын көрсөтүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан