Москвада "Террорго каршы" рейддин жүрүшүндө дагы 13 Кыргыз жараны кармалды

Орусиянын Москвада шаарында "Террорго каршы" рейддин жүрүшүндө полиция тарабынан 15-февраль күнү дагы 13 Кыргыз жараны кармалды.

SUPER.KG'ге Кыргыз мамлекетинин Орусиядагы элчилигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, алардын ичинен 8 жарандын миграциялык документтери туура болгондуктан алар кайра бошотулду. Ал эми үч адамдын миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы аныкталып, экөөнө 5 миң рублден айып салынды. Кармалгандардын арасынан дагы эки жаран жашы жете элек болуп, каттоосу жок жүргөндүгү үчүн жашы жете электер менен иштөө борборуна өткөрүлмөй болду. Аларды ал жактан жакын туугандары алып кете алышат.

"Террорго каршы" рейди азыркы кезде абдан дыккаттык менен жүрүүдө. Ал эми кармалгандарды биздин элчиликтин кызматкерлери барып чыгарышууда. Ошондуктан жарандарды жашаган жерине каттоого тургузууда ортомчулардын кызматын колдонбоону эскертип жатабыз", - деп билдиришти элчиликтен.

Аталган рейддин жүрүшүндө 10-февралда 35, 13-февралда 25 Кыргыз жараны кармалган. Көпчүлүгү документтери туура болгондуктан полиция бошоткон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Дарыгер
2018-02-16 10:45:17
Жашаган жерине Ким катоого коюп берет. Элчилик дооруй берет. Уюштургула. Каттоону
+7
jbolotov
2018-02-16 11:26:26
Жээнбеков Кремлди карабай баштаса эле ушинтишет.
+3
Azatbek83
2018-02-16 16:06:24
Кыргызстандыктардан башкаларды кармабайбы?!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан