Кыргызстанда быйыл Меккеге ажылык сапарга барчулардын саны 20 пайызга кыскарды. Буга Сауд Арабиясынын Ажылык министрлигинин бардык мамлекеттердин ажылыкка бөлүнгөн орундарын 20 пайызга азайтуу чечими себеп болду. Мындай чечим Каабанын айланасында курулуш иштери жүрүп жатканына байланыштуу кабыл алынган. Анткени буга чейин бир саатта Каабаны 48 000 адам айланып чыга алса, учурда 1 саатта 22 000 адам айланууга мүмкүнчүлүк бар. Муфтияттан билдиргендей, талаптарга ылайык Кыргызстанга жылда бөлүнүүчү 4500 орун 20 пайызга кыскартылды жана ажылык сапарга 3600 адам бармакчы.