Кыргыз өлкөсүндө жанкечти-террорчу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, 1992-жылы туулган У.К. аттуу жаран Кыргыз жергесинде террордук актыларды жасоо үчүн Сирияда террордук топтун атайын жанкечтилерди даярдоосунан өтүп келген.
Ага Кылмыш-жаза кодексинин эки беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Беренелер: "Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекетте куралдуу кагылыштарга же согуш аракеттерине катышуусу, террорчулук же экстремисттик кылмыштарды жасоо шыктарын жана жөндөмдөрүн алууга багытталган даярдыктан өтүү" жана "жалданмачыны террорчулук же экстремисттик кылмыштарды жасоо шыктарын жана жөндөмдөрүн алууга багытталган даярдоо, жалдоо, үйрөтүү, каржылоо же материалдык жагынан башкача камсыздоо, ошого тете аны куралдуу кагылышта же согуштук аракеттерде пайдалануу".
Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү УКМКнын СИЗОсуна камалган.