Бишкек ШИИББи: "Окуучу кызды зордуктоого аракет кылган деп 28 жаштагы адам камакка алынды". Ал мектептин дааратканасына кирип барып, андан чыгып келе жаткан кыздын жолун тоскон

Бишкекте окуучу кызды зордуктоого аракет кылган деп 28 жаштагы адам шектелип камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын айтуусуна караганда окуя, 9-февралда саат 10:00дөр чамасында болгон.

"Бишкек шаарынын Тунгуч кичи районунда жайгашкан 73-мектепте 4-класста окуган кызды зордуктоого аракет кылган адам кармалды. Ал мектептин дааратканасына кирип барып, чыгып келе жаткан кызды кармап, зордуктоого аракет жасаганда башка окуучу көрүп калып, жолтоо болгон. Окуучу кыйкырып коопсуздук кызматкерин чакырганда шектүү качып кеткен. Көп узабай милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, аты-жөнү такталды. Ага ылайык, ал эч жерде иштебеген, 28 жаштагы М.М. аттуу адам экени аныкталды. Ал окуучу кызды зордуктоого аракет кылган учурда мас абалында болгон. Кийин ага 133-берене (ыплас аракеттер) менен кылмыш иши козголуп, соттун чечими менен эки айга камакка алынды", - дейт басма сөз катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Nanei
2018-02-16 12:15:16
Кыргыздан ыйман кетти,бир нерсе болсо Европа деп оозубузду чоебуз,сынтагып аларга,Эми ушу кантип болсун,мектепке кирип зордуктап башташыптыр,ташбаранга алса болбойт беле ошол айбанды
+14
kairan_ozum
2018-02-16 12:34:36
Nanei,аны Ташбаранга алсак самасуд деп андан да коп срок алып кетесин жон койсон акча берип эртен эле чыгып кетет бизде акыйкаттык жок да
+6
Nanei
2018-02-16 12:42:40
kairan_ozum,Айла жрктон айткан созум да,озум да кызым бар кичекей,коркот экенсин,Эми ташбаран болбосо да бир катуу чара корбосо болбойтко мындай адамдарга,ай сайын эле боло баштадыго олкодо
+5
haydarkan
2018-02-16 14:13:34
Nanei, Оаа туура айтасыз. Жок дегенде бычып салыш керек. Акмактарды
+4
aselka79
2018-02-16 12:34:44
Негизи эле мектепке эч кимди окуу убагында киргизбеш керек. Мектеп ички аянты чон, видео козомол бардык жерде жок. Ичине балама же кызымды алганы бара жатам деп, тоскоолдуктар жок кире беребиз. Биздин школдо охрана киргенге болбойт дейт, биз болсо, ай Сен кимсин мен киришим керек деп, керек болсо уруша кетебиз. Ошон учун такыр, окуучулар жана ошол жерде иштегендерге только уруксат болсо. Озубуз дагы ошол эрежеге баш ийишибиз керек.
+5
Nsh
2018-02-16 12:38:30
Ошол эшекти ал жагын пычып омур бою эркинен ажыратыш керек. Андайларды турмодо озуну зордукташат тоокко окшотуп. Али энесинин тоюн уч коргондон корот кор болот шашпасын. Петух деп коет андайларды.
+3
NURSAPAR
2018-02-16 12:47:30
Ташбараң эң эффекттивтүү жолу, калганы ойлонот ошондо
+4
Nanei
2018-02-16 12:57:44
МАС абалындагы адамды кантип мектепке киргизишет???
+5
010288
2018-02-16 13:20:48
Эшшшек
+1
Azatbek83
2018-02-16 15:08:43
Мыйзамга Костировать дегенди киргизиш керек !!!!
+2
Baiana
2018-02-16 18:27:01
Azatbek83,даа мен колдойм, киргизүү керек. Көбөйүп кетти.
+1
Azatbek83
2018-02-16 15:10:49
Динге жоктор чала молдо дин бузар диний фанаттар динди жамынгандар мына ушул иш болуп жатат бир нерсе десе эле арапташып кетип жатасынар дейсинер озунор каапырлашып кеткенинерди билер бекенсинер!
+1
Bale
2018-02-16 17:09:10
туалеттен чыгып келатканда деп жатпайбы... мектептин туалети эшикте болсо керек... а так охраналар киргизбейт эч кимди..
+2
aselka79
2018-02-16 17:50:12
Класс жетекчисинин итнтервьюсу бар, туалет биздин класстын жанында деген. Кыз суранып чыгып, 4-5 минута кечиккенинен аркасынан башка окуучу кызды жиберген. Эгер эжейи кечиккенин байкабай, классташ кызы аркасынан барбаса жаман болмок. Башка жанылыктардан.
+5
Hacker99
2018-02-16 17:59:46
Адам олтурсо да 2 ай камакка, зордуктаса да 2 ай камакка башка нерсе кылса да 2 ай эле камакка ошол учун бизде кылмыш кучоп жаткан экен да
0
aman0296
2018-02-16 20:39:13
Hacker99, эмнеге 2 ай экенин али билбейсизби? 2 айдан кийин сот болот, ага чейин ал камакта отурат. Ошол 2 айдын ичинде ага карата доказательствалар топтолот.
+2
33SUUN
2018-02-16 20:40:49
Hacker99,ал эки ай тергоо жургузуло турган убакыт.Кылмыш иш такталганга чейинки чыгарылган чечим.
0
Drongo
2018-02-16 18:14:27
Россияда,ушундай акмактарга омур бою эркинен ажыратуу закону каралып жатат,ушул учурда.Ишке ашып калса,бул мыйзам башка поссоветтик олколордо да орнойт болуш керек.Турмодо омур бою адам корбогон кордукта болушат,акмактар.
0
zamir_kgz
2018-02-16 23:56:10
Drongo,А эмне себептен андайларды омур бою багышыбыз керек?! Эгерде куноосуно 100% далил болсо атууга бериш керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан