Кыргыз-Казак чек арасында жайгашкан "Кең-Булуң" көзөмөл-өткөрүү пунктунан Казакстандын төрт жараны Кыргыз өлкөсүндө пайдаланууга тыюу салынган сымап затын алып кирип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-февраль күнү Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Чек арачылар унааны текшерип жатып 1 баштыкты таап ачышканда, анда жалпысынан 2 литр "РЕАХИМ Р" медициналык кызыл сымап суюктугу табылган. Ал 1 литр көлөмүндөгү 2 идишке бөлүнүп куюлган экен. Банкалар кездемеге оролуп андан кийин скотчтолгон", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Андан сырткары керектүү документтер толтурулгандан кийин кармалган адамдар УКМКнын кызматкерлерине өткөрүп берилгенин да кошумчалашты.