Чүй облусунун Сокулук районундагы мечитке келген жарандын 190 миң сомун уурдап кетишти. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-февралда Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө 34 жаштагы жаран мечиттен 190 миң сом акчасын уурдатып жибергенин айтып кайрылган. Ал мечитке саат 19:30дар чамасында барып, чөнтөгүндө 190 миң сом салынган, күрмөсүн кийим чечкен жерге илип коюп кирип кеткенде чөнтөгүнөн уурдап кетишкенин айткан.
Ал эми басма сөз кызматынан учурда бул окуя боюнча 164-берене (уурдоо) менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөр изделип жатканын билдиришти.