Ооганстанда террорчулар туткундап алган кыргызстандык учкуч Нургазы Конушбеков (сүрөттө) бошотулду. "Талибандын" расмий өкүлү Забиулла Мужахид кыргызстандык учкуч Нургазы Конушбеков кыргыз өкмөтүнүн өтүнүчү менен бошотулганын кабарлайт. Ал эми айрым маалыматтарда Конушбековдун бошотулушуна анын мусулман динин карманышы себеп болгондугу айтылууда. Эске салсак, кыргыз жараны Нургазы Конушбеков Ооганстанда эки өлкөнүн достугун өнүктүрүү максатында келишимдик негизде учкуч болуп иштеп жүргөн. 22-апрелде ал жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү бар тик учак авариялык абалга туш болуп, аталган өлкөдөгү Логар провинциясынын аймагына конууга аргасыз болушкан. Андан соң аларды террорчулар туткундап алышкан болчу. Бул маселе боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги ооган бийлигине атайын кайрылган. (Сүрөт Конушбековдун интернеттеги баракчасынан алынды)