ИИМ: "Кыргыз жергесинде оор кылмышка шектелип изделип жаткан адам Москвадан кармалды"

Кыргыз мамлекетинде оор кылмышка шектелип издөөдө жүргөн адам орусиядан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын айтуусуна караганда 28 жаштагы М.А. аттуу Талас облусунун тургуну 97-берене (адам өлтүрүү) менен айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөн.

"Орусиянын Москва шаарында жашынып жүргөнү аныкталып, 5-январда жергиликтүү полиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Учурда ал Москва шаарындагы убактылуу кармоочу жайда кармалып турат. Аны Кыргыз өлкөсүнө жиберүү боюнча тиешелүү маселелер каралып жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
denlon
2018-02-16 14:46:27
Качып жүргөн саясатчыларды кармаш керек эле.
0
langar
2018-02-16 15:08:22
Жашынбай еле ечнерседен кабары жоок иштеп аткан жеринен барып кармадык деп жазсанар
0
falkao
2018-02-16 17:41:53
Акчасын алып койо бересинер да баары бир
-1
kairan_ozum
2018-02-16 18:47:04
Аны кыргызстанга келип эмне кыласынар бекер багып, жата бербейби ошол жакта
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан