Ошто жеңил унаа жол кырсыгына кабылып, 2 адам жаракат алып, 1 адам каза болду

Ош шаарында жеңил унаа жол кырсыгына кабылып, эки адам жаракат алып, бир адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 15-февралда саат 22:30дар чамасында Ош шаарынын Касымбеков көчөсүндө болгон. Анда Daewoo Tico үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу жол тайгалак болгондуктан унааны башкара албай жолдун жээгиндеги электр тогу тартылган мамыны сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен 24 жаштагы А.П. аттуу Кара-Суу районунун тургуну каза болуп, дагы эки жаран жаракат алып, Ош облустук ооруканасына жаткырылган.

Ошондой эле басма сөз кызматынан унаанын айдоочусу эч кандай жаракат албагандыгын, учурда бул окуя боюнча иликтөө жүрүп жатканын кошумчалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан