"Адамдар эч качан бири-бирин жоготпосун, мындай окуя башка кайталанбасын. Чогуу жашап жатабыз, баарыбыз доспуз, өткөн окуялар эстен чыгып жатат",- дейт ал.
Ал эмиТиленбай Маматбеков аттуу шаар тургуну буларды айтты:
“Азыр элдин маанайы жакшы, мурдагыдай сен өзбек, мен кыргыз демей жок. Эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Урушкан жаштарды жараштырабыз, кыргызы да, өзбеги да кимдин ким экенин билди”.