Кыргыз-Өзбек чек арасында 600 миң долларга жакын акчаны ыргыткан жаран изделүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Бүгүн эртең менен саат 05:00 чамасында чек арачылар тыюу салынган жерден баштык көтөргөн адамдын өтүүгө аракет кылып жатканын байкашкан. Алардын "токто" деген буйругуна баш ийбей баштыкты ыргытып, өзү изин жашырган.
Баштыктын ичинде скотчтолуп оролгон 573 миң 280 доллар акча болгон.
Учурда коңшу өлкөдө чек арадан мыйзамсыз акча алып өтүүгө аракет кылган жаранга издөө иштери жүрүп жатат.