Ош шаарында 2 унаа сүзүшүп, 11 жаштагы өспүрүм жабыркады. Айдоочулардын бири окуя болгон жерден качып кеткен. Маалыматты Ош шаардык жол көзөмөлдөө кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 15-февраль күнү саат 15:00дө Абдыкадыров көчөсүндө болгон. Анда Хонда Цивик жана ДЭУ Матиз үлгүсүндөгү эки унаа кагылышкан. Хонда үлгүсүндөгү унаанын ээси окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Бирок жол кырсыгы катталган жерге анын мамлекеттик номери түшүп калган.
"Номери аркылуу издеп такталган дарекке барганыбызда ал адам унаасын 2 ай мурда сатып жибергенин айтты. Азыркы учурда унаанын жаңы ээсин издеп жатабыз", - дейт басма сөз кызматынан.
Жабыр тарткан 2007-жылы туулган өспүрүм ооруканага жеткирилип хирургия бөлүмүнө жаткырылган.