Улуттук гвардиянын катардагы жоокерин ток тартып кетип эки колу күйүп, үч манжасы кесилди

Улуттук гвардиянын 702-аскер бөлүгүнүн катардагы жоокерин трансформатордон ток тартып эки колу күйүп, үч манжасы кесилди. Бул тууралуу Улуттук гвардиянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 1998-жылы туулган А.Э. аттуу аскердин трансформатордон урулган токко эки колу күйгөн жана ооруканадан 3 манжасын кесишкен. Учурда жоокер Бишкек шаардык 4-ооруканасынын күйүк бөлүмүндө дарыланууда.

Бул иш боюнча аталган аскер бөлүктүн командиринин орун басары кызматынан алынган жана бир батальондун жетекчилиги толугу менен алмашкан. Улуттук гвардия бул иш боюнча кызматтык иликтөө иштерин жүргүзүп, ишти Аскер прокуратурасына өткөрүп берген.

Жоокер трансформатордун жанына эмне себептен баргандыгын түшүндүрүп бере элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ainur78007
2018-02-17 07:41:53
Трансформатордун жанына бардыбы же дедттердин жанына бардыбы?.......
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан