Бишкек шаарында окуучуларга баңгизатын саткан деп шектелип эки студент кармалды

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери мектеп окуучуларына баңгизаттарын сатууга шектелген эки студентти колго түшүрүштү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, ушул жылдын башында ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына ЖОЖдун биринде окуган студенттер Бишкек шаарынын орто мектептерине баңгизаттарды таратууда деген маалымат келип түшкөн.

Аталган факт боюнча ыкчам иликтөө иштери уюштурулуп, натыйжада 1996-жылы туулган Б.Я. кармалып жанынан 26 грамм гашиш табылган. Кошумча издөө иштеринен кийин шектүү катары 1997-жылы туулган Г.А. аттуу студент кармалып, тинтүү учурунда жанынан 15 грамм, үйүнөн 7 грамм гашиш табылган.

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 246-247-беренелери менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат. Милициядан тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн кайсы мектептер экени жашыруун сакталарын жана окуяга тиешеси бар Бишкек шаарындагы мектеп, мектеп окуучулары да текшерүүгө алынарын кошумчалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
admin_superstan
2018-02-19 10:25:25
rysik79, провокация жараткан билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан