Ош-Бишкек жолунда оор жүк ташуучу унаа кырсыкка кабылды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, бүгүн саат 20:00 чамасында оор жүк ташуучу унаа жолдон чыгып кетип оодарылып калган.
"Кырсык Кара-Көл шаарына жакын жайгашкан Аю-Булак тилкесинде болгону тууралуу маалымат түшүп, дароо Кара-Көл шаарындагы бир куткаруу тобу айтылган дарекке жөнөп кетти. Кошумча маалымат берилет, алдын ала айтылган маалыматтар боюнча жабыркагандар жок", - деп билдиришти ӨКМдан.