Таласта тургунду жылкы уурдоого шектүү катары кармап, кыйноого алган милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан 16-февралда кабарлашты.
Маалым болгондой, 2017-жылдын 25-декабрында Бакай-Ата РИИБинин кызматкерлери К.Г. аттуу жарандын жылкысын уурдоого шектүү катары М.А. аттуу жаранды кармашкан. Кийин жылкы уурдаганын моюнуна алдыруу үчүн анын башына полиэтилен баштыгын кийгизип токмоктошкон.
Бирок жылкы уурдоо фактысынын негизинде жүргүзүлгөн териштирүү учурунда К.Г. аттуу жарандын жылкысы өзүнүн коңшусунун үйүнөн табылгандыктан кылмыш иши токтотулган. Ал эми шектелип кармалган адамга дайындалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында ал денесинен оор жаракат алганы аныкталган.
Учурда кыйноо фактысынын негизинде козголгон кылмыш ишин териштирүү УКМКнын Талас облусундагы бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.