"Ала-Арча" жаратылыш паркында аскадан кулап кеткен альпинист табыла элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан SUPER.KG'ге билдиришкендей, бүгүн, 17-февралда издөөнү улантуу үчүн 16 куткаруучу чыгып кетти.
"Бүгүн саат 06:45те ӨКМнын Аламүдүн райондук бөлүм башчысы жана 16 куткаруучу тартылып, издөө ишин улантууга чыгып кетишти. Кошумча маалымат берилет", - деп билдиришти ӨКМдан.
Белгилей кетсек, "Ала-Арча" жаратылыш паркында 15-февралда альпинист аскадан кулап, 16-февралда издөө иштери башталган.
Кырсыкка кабылган альпинист кайсы мамлекеттин жараны экендиги тууралуу азырынча маалымат жок.