Кыргыз өлкөсүндө мыйзамсыз жүргөн Өзбек жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 16-февраль күнү 1995-жылы туулган О.И. аттуу Өзбекстандын жараны чек арачылар тарабынан кармалган. Ал Кыргыз өлкөсүнүн аймагында визасыз 60 күн жүрүү мөөнөтүн өткөрүп жиберип, өлкө аймагында бир канча убакыт мыйзамсыз жүргөн. Мындан улам ал Өзбекстанга кайтуу үчүн паспортундагы штамп басылган жердеги кирүү датасын өзгөртүп жаздырып алган.
Тиешелүү документтер толтурулган соң Өзбек жараны УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.