Ушул жылдын 15-февраль күнү Ош облустук соту таксисттин өлүмүнө айыпталган эки аскер кызматкеринин ишин карап, аларды өмүр бою эркинен ажыраткан өкүм чыгарды.
Айта кетсек, окуя 2017-жылы 5-августтан 6-августка караган түнү болгон. Анда Оштогу аскер бөлүктөрүнүн биринде келишимдик негизде кызмат өтөгөн А.Р. өзүнүн кылмыштуу шериги катардагы жоокер К.Т. менен алдын ала сүйлөшүп, Ош шаарынын Анар кичи районуна барышкан. Ал жакта таксист болуп иштеп жаткан Т.А. менен сүйлөшүшүп, Араван районуна жеткирип келүүсүн макулдашышкан.
Жарым жолдо эки аскер кызматкери айдоочуну муунтуп өлтүрүшүп, машинасын сатуу үчүн Бишкекке айдап кетишкен. Бирок сата алышкан эмес.
6-август күнү Ош шаарына кайтып келген катардагы жоокер К.Т. кылган ишин командирине билдирген. Аскердик бөлүктүн жетекчилиги тарабынан кылмыш иш аскердик прокуратурага өткөрүлүп берилген.
Ош шаардык соту жогорудагы ишти 21-декабрь күнү карап, аскер кызматкери А.Рны 25 жылга, катардагы жоокер К.Тны 22 жылга эркинен ажыраткан. Ошондой эле маркумдун мыйзамдуу өкүлү М.Кга 693 миң сом материалдык, 1 миллион сом моралдык зыян өндүрүү белгиленген.
Өкүм маркумдун мыйзамдуу өкүлү тарабынан апелляциялык тартипте даттанылган.