Мексикада тик учак кулап, 14 киши каза болду

Мексикада тик учак кулап, 14 киши каза болду. Бул тууралуу чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазышты.

Маалыматка караганда, окуя 17-февраль күнү болгон. Анда ичинде Мексиканын ички иштер министри Альфонсо Наваррете жана Оахака штатынын губернатору Алехандро Мурат болгон. Тик учак белгисиз себептерден улам жердеги машиналардын үстүнө кулап түшкөн.

Кырсыктын кесепетинен 14 киши каза болгон. Ошондой эле 15 адам жабыркаган. Кырсык болгон учурда алардын баары жерде болушкан. Ал эми ИИМ министри менен штаттын губернатору аман калышкан. Алар жер титирөөдөн жабыр тарткан аймакка бара жатышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aitowa11
2018-02-18 02:28:03
Кудай сактасын
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан