"Ош электр" ишканасы текшерүүчү аркылуу элден акча чогултууну токтотту

Ош шаарынын тургундары мындан ары электр энергиясына төлөмдү терминал жана банк кассалары аркылуу гана төлөй башташат. Бул маалыматты "Ош электр" ишканасынын басма сөз катчысы Талгат Алиханов 11-июнда билдирди. Айтымында, электр жарыгы үчүн текшерүүчүлөрдүн акча чогултуусу көбүнчө талаш-тартыштарды жаратып, ар кандай түшүнбөстүктөргө жол ачууда. "Азыр шаардын жашоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Ар кайсы жерге атайын маалымат тактайларын илдик",- дейт Алиханов. Кабарлангандай, электр жарыгы үчүн өз убагында акча төлөбөгөн жарандардын свети өчүрүлөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан