Мурдагы депутат Жусупали Исаевдин өлүмүнө себеп болгон жол кырсыгынын чоо-жайын SUPER.KG`ге Баткен облусунун жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын басма сөз кызматчысы Чолпонбай Арстанбеков айтып берди.
"Жол кырсыгы 18-февралга караган түнү болжол менен саат 00:20 чамасында Ош-Баткен-Исфана жолунун 290-чакырымындагы Лейлек районунун Рават айылында болгон. Анда "Range Rover" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу коюу тумандан улам жол четинде токтоп турган КамАЗды келип сүзгөн. Жеңил машинаны Исфана шаарынын тургуну, 1989-жылы туулган Э.Д. башкарып бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен унаада бара жаткан Жусупали Исаев ооруканага жетпей каза болгон. Андагы дагы бир жүргүнчү А.Р. аттуу жаран Баткен облустук ооруканасына жеткирилген", - деди Арстанбеков.
Ошондой эле кырсыктан башка жабыркагандар болгон эместигин кошумчалады.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин V чакырылышында КСДП фракциясынан депутат болгон Жусупали Исаев жол кырсыгынан каза болгону тууралуу маалымат бүгүн, 18-февралда белгилүү болгон.