Каракол шаардык прокуратурасы "Ишкер" микрокредиттик агенттигинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду

Каракол шаардык прокуратурасы аталган шаардагы мамлекеттик "Ишкер" микрокредиттик агенттигинин жооптуу кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул боюнча Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине караштуу Ысык-Көлдөгү "Ишкер" микрокредиттик агенттигине мамлекеттен жарандарга насыя берүү үчүн которулган 1 миллион 545 миң 620 сомду мекеменин кызматкерлери өздөрүнө маяна катары жаздырып алганы белгилүү болгон. Кызматкерлер бул акчаны 2008-2016-жылдар аралыгында колдонушкан. Ал эми ишкананын жобосуна ылайык, агенттиктин кызматкерлери насыяга берилген акчанын туумун гана алышы керек эле. Учурда бул ишти Ысык-Көл облустук прокуратурасы тергеп жатат.

Белгилей кетсек, “Ишкер” микрокредиттик агенттиги 1999-жылы калкты жумуш менен камсыз кылуу, орто жана чакан ишкерликти колдоо, ишсиз жарандарга жардам берүү максатында ачылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Baatirbek81
2018-02-18 19:34:38
Бул эшектер элге бериле турчу кредиттерди солоп кетишкен турбайбы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан