Иранда жүргүнчү ташыган учак кулап, ичиндеги 66 адамдын баары каза болду

Бүгүн, 18-февралда Иран өлкөсүндө жүргүнчү ташыган учак 66 жаран менен кулап, жүргүнчүлөрдүн баары жана борттун 6 кызматкери каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, учак ирандык "Aseman Airlines" авиакомпаниясына караштуу болгон.

"Аталган авиакомпаниянын учагы Тегеран-Ясуж каттамы боюнча багыт алып, Семиром шаарынын айланасына кулап түшкөн. Учактын ичиндеги 60 жүргүнчү, анын бирөөсү жаш бала жана учактын 6 кызматкери кырсыктан каза болгон", - деп жазылат маалыматта.

Айта кетсек, "Aseman Airlines" авиакомпаниясынын учагы абага көтөрүлүп, учуп бара жатып 50 мүнөттөн кийин радардан жоголуп кеткен. Учак Дена тоо кыркасына кулаган. Расмий маалыматка ылайык, учак 20 жыл мурун чыгарылган.

Учурда Тышкы иштер министрлиги кырсыкка учураган учакта Кыргыз жарандары бар же жоктугун тактап жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Paprikafm
2018-02-18 16:40:08
Жайлары жаннаттан болсун, кырсык, кыргыз жараны жок болсо керек, иранда эмне кылышсын
+5
Alixan-Nookat.2015
2018-02-18 16:50:05
Paprikafm,Көр тириликтин айынан дүйнөнүн бардык жеринде кыргыздар бар.
+9
Atas
2018-02-18 17:04:51
Баарыбыз эле учабыз
Ар бир сомолет аман эсен конуп алсын
+9
vavilon.
2018-02-18 17:27:44
Россия мн Иран Сирияда туура эмес иш кылышкан окшойт, Асадга каршы которулушчулорду бомбалап. Ошолордун убалы тийип жатат окшойт именно ушул эки олко учагы катарынан кулады.
-1
jbolotov
2018-02-18 18:25:22
vavilon.,Туура эле. Терорристер деген ат менен Асаддан бийлик талашкан опозиционерлерди Россия бомбалап атат, асмандан террорист экен деп так ата албайт, Сириянын бутундой куноосуз каары жашына карабай шаардыктарды уйлору менен туздоп атат Орус канкордору.
+3
Nibiru.
2018-02-18 19:26:01
jbolotov,доодурой бербегиле болбогон нерселерди.
+3
vavilon.
2018-02-18 17:29:13
Тамаша бирок :)
-3
Batma08
2018-02-18 18:35:51
Кыяматка жакындаганда рак айыккыс оорулардыда даарылап сакайтууга болуп анан адамдардын топ болгон олуму кобойот деген экен пайгамбар.
-6
aman0296
2018-02-18 19:19:05
Batma08,ээк
+1
Nibiru.
2018-02-18 19:27:25
Batma08,оюна келгенди жаза бербе. Баардык нерсени эле куранга,пайгамбарга такап. Сен озунду жана оюнду ондо,ошондо да бир аз коомго пайда алып келесин.
+1
Batma08
2018-02-18 20:24:07
Nibiru.сенен сурап жазайынбы а. Билгенимди жазып жатам сенин ишин болбосун
-2
Beka9393
2018-02-19 01:12:31
Batma08,эки экиден тытышкыла
0
Kyialbek.a
2018-02-18 19:30:27
Админ аларчадагы альпинистин бири табылдыбы тактап коёсуздарбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан