Ала-Арча коругунда аскадан кулап кеткен альпинисттин жансыз денеси табылды

Аламүдүн районундагы Ала-Арча коругунда аскадан кулап кеткен альпинисттин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен бүгүн, 18-февралда билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 15-февраль күнү Ала-Арча коругундагы “Эркин Корея” аскасында болгон. Анда аскага чыгып бараткан учурда Литванын 2 жараны Сайкаускас Салиюс менен Кейскас Крупский Алис кулап кеткен. 17-февраль күнү Кейскас Крупский Алис табылып, ал ооруканага жеткирилген. Учурда анын абалы туруктуу.

Ал эми 18-февраль күнү саат 13:30да экинчи альпинист Сайкаускас Салиюстин жансыз денеси табылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
aerforce
2018-02-18 20:01:04
эх жаман болуптур тирүү табылса экен дедим эле байкуш суукка деле тонуп калдыго анан эмне үчүн Кыргыз болуп жадакалса аска зоолорубузда Путин Сталин эркин Корея? эмне кыргызча ат койсок жарашпайбы? керек болсо балдарыбыздын атын сериялдагы аттарды койобуз кыргызчадан эмнеге чычалайбыз? эми кафе көчөлөрдү айтпай эле койойун даже туалетти кыргызча жазбайбыз WC деп
+14
gute
2018-02-18 20:04:06
“Эркин Корея” аа эмнеге???
Аа эмнеге Айтматов же Чокморов чокусу эмес?
+15
Tyty1990
2018-02-18 21:32:45
Эркин корея деп... бир жолу ала арча эмес иван иваныч деп алгыла
+7
jbolotov
2018-02-18 21:42:19
Атамбаев тушунда Путинге окшогон сырты досторго Путин чокусу деп аттарын койуу башталганда.
+2
Atas
2018-02-18 22:18:54
Корея дегени эмнеси ботон элди жерди сыйлап озунорду сыйлабай журо бергиле
+4
pyeon hwa
2018-02-18 22:22:16
Кореецтер биринчи чыкты деп уктум еле ошол чокуга
-1
Nurmat92
2018-02-19 00:20:04
Атаңдын чокусу деп аташат керек. Кайсы тоого же зоого барабыз деп сураган альпинистерге атаңдын чокусуна барабыз дегенге
+2
MUHLISA
2018-02-19 09:33:35
Чындап эле бул чокууларда аларга эмне бар экен эле тобоо.
0
MUHLISA
2018-02-19 09:37:51
Мындай альпинисттерди каяктан келди? эмне кылып жүрөт?эмне иштерди жасап кетиши мүмкүн!?деп сурап, тескеген адамдар бизде барбы?
+1
admin_superstan
2018-02-19 11:25:49
suban78, бирөөнүн дарегине карата далили жок маалыматтарды камтыган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан