Индиянын түндүк-батыш жагында үйлөнүү той өтүп жаткан жерде газ баллон жарылып, 18 киши көз жумду. Бул тууралуу "India Todaсо" гезити жергиликтүү полицияга шилтеме берүү менен жазды.
Маалым болгондой, окуя 16-февраль күнү кечинде Индиянын Ражастхан штатынын Беавар шаарында орун алган. Той өтүп жаткан жерде газ баллон жарылып, анын кесепетинен имарат толугу менен урап калган. Окуя болгондон кийин куткаруучулар урандылардын алдынан 9 адамдын жансыз денесин алып чыккан. Бүгүн, 18-февраль күнү дагы 9 кишинин сөөгүн алып чыгышты. Издөө-куткаруу иштери дале уланып жатат.
Мындан сырткары 18 киши жаракат алып, алардын айрымдарынын абалы оор.