Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, 15-16-февраль күндөрү өлкөнүн укук коргоо органдары тарабынан Алматы, Жамбыл жана Түштүк Казакстан облустарында атайын операция жүргүзүлүп, анын негизинде 29 шектүү адам кармалган. Алардын арасында 4 Кыргыз жараны бар экени жана анын бири Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экени белгилүү болду.
Буга чейин интернетке Жогорку Кеңештин депутаттары Дамирбек Асылбек уулу менен Салайдин Айдаровдун жана "Аю" компаниясынын жетекчиси Шаршенбек Абдыкеримовдун өзбекстандык олигарх “Салим байбачага” чапан жапкан сүрөтү тараган.
Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун өмүр баяны:
Дамирбек Асылбек уулу VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты. ("Кыргызстан" парламенттик фракциясы)
1981-жылдын 3-февралында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында туулган;
1993-1998-жылдары Бишкек шаарындагы Шералы Сыдыков атындагы республикалык олимпиадалык резервдер окуу жайынан билим алган;
1998-2003-жылдары Жалал-Абад коммерциялык институтунун экономика факультетин бухгалтердик эсеп адистиги боюнча бүтүргөн;
2009-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын Дипломатиялык Академиясынын эл аралык мамилелер факультетинин Дүйнөлүк экономика кафедрасында экономика чөйрөсүндө дипломат адистиги боюнча окуган;
Эмгек жолун 2000-жылы баштаган. 2000-2004-жылдары "АРМS" ЖЧКсынын башкаруучу директору;
2006-2008-жылдары "Sky-Mobile" ЖЧКсынын атайын кат-кабарларды кайра иштеп чыгуу кызматы бөлүмүнүн башкаруучусу;
2008-2009-жылдары "БиМаКом" ЖЧКсынын башкы директорунун кеңешчиси;
2009-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
2010-2015-жылдары "Альфа-Телеком" ЖАКында компаниянын кызыкчылыгын коргоо жана мамлекеттик органдар менен байланыш боюнча координатор;
2015-жылы "Кыргызстан" саясий партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
Үй-бүлөлүү. 3 баланын атасы.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 70-жылдыгы Юбилейлик медалы, Дөлөн Өмүрзаков атындагы сыйлык, Рамзан Кадыров атындагы медаль, Эл аралык "FILA" Күрөш федерациясы ордени менен сыйланган.
2012-жылдан азыркы мезгилге чейин Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти;
2013-жылдан ушул мезгилге чейин "AAWC" спорттук күрөшү боюнча Азия Кеңешинин вице-президенти болуп саналат;
Грек-рим күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери болуп эсептелет;
1997-1999-жылдары Кыргыз Республикасынын мыкты спортчусу болуп таанылган;
1997-жылы Словениянын Марибор шаарындагы Дүйнөлүк чемпионатта үчүнчү орунду ээлеп, мелдештин коло сыйлыгына татыктуу болгон;
1998-жылы Бишкек шаарында өткөн спартакиаданын чемпиону болгон;
1999-жылы Ирандын Тегеран шаарында өткөн Азия чемпионатында утуп чыгып, Азия чемпиону болгон;
1999-жылы Бишкек шаарында өткөн Орто Азия оюндарынын чемпиону болгон;
2001-жылы Монголиянын Улан-Батор шаарында Азия чемпионатынын байгесин жеңип алган;
2004-жылы Казакстандын Алматы шаарында Азия Кубогу мелдешинде биринчи орунга татыктуу болгон;
2004-жылы Казакстандын Алматы шаарында Азия Кубогу мелдешинде байгеге татыктуу болгон;
2006-жылы "Голден Гран-при" турниринин серияларында чемпион болгон жана байге жеңип алган.