Дагестанда болгон ок атышууну "Ислам мамлекети" террордук уюму моюнуна алды

Дагестандагы масленица майрамын белгилеп жаткан адамдарга ок атууну "Ислам мамлекети" террордук уюму моюнуна алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, ок аткан кылмышкер 22 жаштагы Халил Халиов жана ал аталган уюмга мүчө болгон. Ал Дагестандын Кидер Цунтиск айылынын тургуну болгон.

Эскерте кетсек, окуя кечээ Дагестандын Кизляр шаарында болгон. Анда белгисиз адам масленица майрамын белгилеп жаткан тургундарга келип ок чыгарган. Анын кесепетинен 4 адам каза болуп, 5 адам жабыркаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nuri1
2018-02-19 10:38:17
Исламисттер тынчтык бербей калды го. Канчалаган биздин адамдарды кооз идеялар менен азгырып кетип жатышат. Кооз идеяларга ишенчеек боло бербеш керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан