Ооганстанда 2 ай террорчулардын туткунунда жаткан кыргызстандык Нургазы Конушбеков эртең, 12-июнда мекенине келет. Аны өкмөт жетекчилери тосуп алышмакчы. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. УКМКнын басма сөз кызматынын берген маалыматында, Конушбеков 9-июнда туткундан бошотулган. “Кыргызстандын жаранын бошотуу иш-чарасы президент Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы менен аткарылды”,- деп билдирет УКМК. Айта кетсек, 22-апрелде Конушбеков жана башка өлкөнүн өкүлдөрү бар тик учак Ооганстанда авариялык абалга туш болуп, Логар провинциясынын аймагына конууга аргасыз болгон. Андан соң аларды террорчулар туткундап алышкан болчу.