ӨКМ: "Бишкекте жылуулук түтүгү өткөн чуңкурдан белгисиз адамдын жансыз денеси табылды"

Бишкек шаарынын Асанбай кичи районунда белгисиз адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова билдирди.

"Кечээ, 18-февралда саат 19:00дөр чамасында Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Асанбай кичи районунда көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алдындагы жылуулук түтүгү өткөн чуңкурдан 40-45 жаштардагы белгисиз адамдын жансыз денеси табылган. Аны биздин кызматкерлер чуңкурдан чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Кийин анын туруктуу жашаган жери жок адам экени, ошол чуңкурда түнөп жүргөнү белгилүү болгон", - дейт басма сөз катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Zainidin96
2018-02-19 23:12:13
Мумкун башкача болгондур экспертизага жонотуш керек го дейм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан