Чычкан капчыгайында жол кырсыгына кабылган бензовоздон канча бензин сууга төгүлгөнү тууралуу так маалымат жок. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Токтогул аймагы боюнча Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын башкармалыгынын башчысы Бекмат Жоомартов билдирди.
"Биздеги болгон маалымат боюнча бүгүн, 19-февралда Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымында бензовоз сууга кулап ичиндеги бензиндин бир бөлүгү сууга төгүлсө бир бөлүгү өрттөнүп кеткен. Азыр канча көлөмдөгү бензин сууга төгүлгөндүгү тууралуу так маалыматыбыз жок. Бул боюнча биздин мекеме тарабынан иликтөө иштери жүрөт. Анын алкагында бензин төгүлгөн суу текшерилип, канчалык зыян келгени аныкталат. Кийин келген чыгымды унаанын ээси төлөп берүүсү керек болот", - дейт Бекмат Жоомартов.
Айта кетсек, буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен Чычкан капчыгайында бензовоз сууга кулап, анын алып бара жаткан бензини дарыяга төгүлүп калгандыгын билдиришкен.