12-июнда айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарында жана тоолуу райондорунда жаан-чачын күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, кээ бир райондордо15-20 метрге чейин жетет. Ал эми өлкө боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:
Чүй облусунда күндүз +24...+29°C, түнкүсүн +12...+17°C
Талас облусунда күндүз +24...+29°C, түнкүсүн +12...+17°C
Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүз +28...+33°C, түнкүсүн +15...+20°C
Баткен облусунда күндүз +28...+33°C, түнкүсүн +12...+17°C
Ысык-Көл облусунда күндүз +22...+27°C, түнкүсүн +8...+13°C
Нарын облусунда күндүз +22...+27°C, түнкүсүн +7...+12°C
Бишкек шаарында күндүз +27...+29°C, түнкүсүн +14...+16 °C
Борбор калаада жаан-чачын күтүлбөйт.