Биз социалдык тармакта

Каза болгон Калмаматовдун ордуна келчү депутатка качан мандат бериле турганы белгисиз

Каза болгон Жыргалбек Калмаматовдун ордуна келчү депутатка качан мандат тапшырыла турганы дале белгисиз. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, тиешелүү мамлекеттик органдар БШКнын суроо-талабына жооп бере элек. "Кыргызстан" партиясынын тизмесинде депутаттыкка кезекте турган жарандын соттолгон же соттолбогонун текшерүү жана башкаларды тактоо үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга суроо-талаптарды жөнөткөнбүз. Жооп келе элек. Мыйзам боюнча суроо-талапка 1 айдын ичинде жооп бериш керек. Азырынча 1 ай өтө элек", - деди Бекматов.

Буга чейин "Кыргызстан" фракциясынын катчылыгы партиянын тизмесинде кезекте турган Насыр Мусаев ооруп, чет мамлекетте жүргөнү боюнча кабарлаган.

19-январда БШК каза болгон Жыргалбек Калмаматовдун депутаттык ыйгарым укуктарын токтоткон. Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынан депутат Жыргалбек Калмаматов ушул жылдын 1-январында каза болгон. Аталган фракциянын катчылыгы "Кыргызстан" партиясынын тизмеси боюнча депутат болууга кезекте Насыр Мусаев турганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Azatbek83
2018-02-19 18:07:30
Жок эй кереги жок!Итак 120 сынар Андан коро кыскаркыла жепжутаттарынарды!Качанга чейин чордоп журушот?!
0
Azatbek83
2018-02-19 18:09:14
Казакстанда кармалган жепжутатынардын ордуна да эч кимди албагыла!
0
Hanzada.sabih
2018-02-19 18:30:48
Озу алакандай Кыргызстанга 7 эле жепжутар жетмек!120 эмес!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан