Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев өкмөттүк “Кыргыз Туусу” гезитин жана 20дан ашык дарыгерди сотко берет. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, министрдин сотко арыз жазуусуна 2017-жылдын 1-декабрындагы “Кыргыз Туусу” гезитине жарыяланган дарыгерлердин кайрылуусу себеп болгон.
"Ал кайрылууда айтылган маалымат жалган жана министрдин кадыр-баркына шек келтирилген. Учурда сотко арыз берүүгө тийиштүү документтер даярдалып жатат. Гезит маалыматты басылмага берерден мурда тийиштүү документтер барбы деп тактап койсо болмок", - деп билдиришти министрликтен.