Токтогулда тургундун үйүнөн 97 килограмм баңгизаты табылды

17-февраль күнү Токтогул районунун тургунунун үйүнөн 97 килограммга жакын маңзат каражаттары табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, ыкчам маалыматтын негизинде ИИМдин жана ОИИБдин Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын кызматкерлери тарабынан Токтогул районунун тургуну 1984-жылы туулган А.Ч. аттуу жарандын үйү текшерүүгө алынган. Тинтүү учурунда аталган жарандын үйүнөн 50 килограмм кара куурай, 440 грамм марихуана жана 46 килограмм гашиш майы табылган.

Аталган факт боюнча "Маңзаттарын мыйзамсыз даярдоо, колдонуу, сактоо жана таратуу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Cleo-13
2018-02-19 17:57:41
Банги затын саткан адам коп эле окшойт.
+5
Cleo-13
2018-02-19 17:58:49
Улам эле ушундай жанылыктар
+7
Gulnaz.GS
2018-02-20 13:46:44
ваааау
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан