Ноокен районунда бир нече үйгө уурулукка кирип жүргөн адам кармалды

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда бир нече үйгө уурулукка кирип жүргөн адам колго түшүрүлдү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, ал 2-февраль күнү Ноокен районунун Масы айылындагы үйлөрдүн бирине кирип, үй ээсинин 270 миң сом акчасын жана 3 алтын шакегин алып кеткен. Ортодон 3 күн өткөндөн кийин 5-февраль күнү Көк-Таш айылындагы жаңы салынган үйгө уурулукка кирип баалуу буюмдарын уурдаган. Ошол эле күнү Сакалды айыл аймагындагы үйлөрдүн бирине кирип ал жерден да баалуу буюмдарын алып кеткен.

Бул иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси менен кылмыш иши козголуп, мурда да уурулук менен соттолгон Ноокен районунун Масы айылынын тургуну, 1985-жылы туулган М.М. колго түшүрүлгөн жана жасаган кылмышын толук моюнуна алган.

"Учурда райондук милиция ал жаранды камакка алды жана башка кылмыштарга тиешеси бар-жоктугун иликтеп жатат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mina24
2018-02-19 21:04:52
УУрулар менен айдочулардыкы отту бири сузуп кетсе бири уйду антарып жулуп кетип
0
Zainidin96
2018-02-19 22:56:10
Кудайым баарыбызга ыйман берсин
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан