Жантөрө Сатыбалдиев Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Чанг Гюну кабыл алды

11-июнда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен Түштүк Кореянын элчиси Ким Чанг Гю жолугушуп, учурдагы эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык маселелерин талкуулашты. Премьер-министр Корея тарапка Кыргызстандын аймагында теплица чарбаларын киргизүү жана колдонуу ыкмасын жайылтууга олуттуу көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. “Өкмөт кореялык инвесторлор үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүгө даяр. Биз Кореядан айыл чарба, текстиль өнөр жайы, жер байлыктарын пайдалануу жана медицина тармактарына инвестиция тартууга кызыкдарбыз”,- деди Сатыбалдиев. Ким Чанг Гю кореялык инвесторлор премьер-министр тарабынан белгиленген 4 багыт боюнча капитал чегерүүгө кызыкчылыгын билдирип жатышкандыгын маалымдады. Жакынкы мезгилде бизнес жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн иликтөө үчүн Кореядан делегация келери күтүлүүдө. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданий-гуманитардык кызматташтык маселелерин да талкуулашты. Анда Мамлекеттик тарых музейинде корей элинин  бурчун жана Улуттук китепканада корей борборун ачуу боюнча иштер жүрүп жаткандыгы белгилүү болду. Ошондой эле Түштүк Корея Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына техникалык жардам берүүгө ниеттенүүдө.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан