Нарында дарыканага уурулукка кирген жаш жигит кармалды, ал алдастап жатып 6 миң сом алып кеткен

Нарын шаарында дарыкананы тоноого шектүү катары Бишкек шаарынын 19 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, 18-февраль күнү саат 21:11 чамаларында белгисиз адам шаардагы "Неман" дарыканасына беткапчан кирип келген. Анын колунда темир буюм болгондуктан аптеканын сатуучусу жана анда соода кылып жаткан адам башка бөлмөгө качып кирип кеткен. Андан кийин бет капчан адам аптеканын кассасындагы акчаларды тоноп кеткен. Анын бул аракети видеобайкоого түшүп калган. Бирок ал акчаларды көтөрүп баратып жерге чачып алгандыктан баарын жыйноого жетишпей, бир бөлүгүн гана көтөрүп кеткен. Жыйынтыгында, 6 миң сомдой акчаны алып кеткени белгилүү болгон.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары Бишкек шаарынын 19 жаштагы Б.А. аттуу тургуну кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан