Москва шаарынын 42 жаштагы тургуну ваннада жатып селфи жасайм деп токко урунуп каза тапты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Москва шаарынын 42 жаштагы тургуну ваннада жатып селфи жасоого аракет кылган, натыйжада кубатталып жаткан телефону суунун ичине түшүп кетип токко урунуп каза болгон. Жансыз денени алгач баласы көрүп калган.
Узак убакытка жуунучу бөлмөдө кармалып калганын байкаган баласы кабар алганы киргенде апасы эс-учун жоготуп жатканын көргөн жана телефон да суунун ичинде жаткан. "Тез жардам" келип текшерүүгө алганда аял каза болуп калганы белгилүү болгон.
Кырсык болгон жерден шарап, китеп жана шам табылган. Каза болгон аял бир нече саат ваннада жуунуп, эс алууну максат кылган.